Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:02
Харьков. 2025-жылдын 7-июну.
Харьков. 2025-жылдын 7-июну.

Бир күндө 14 өлүм. Харьков, Херсон жана Донецк катуу аткыланды

Украинада согуш башталганына үч жыл толду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

14:01 24.2.2022

14:07 24.2.2022

Польшанын тышкы иштер министри Збигнев Рау Орусиянын Украинага каршы аракетин кескин сынга алды.

"Бул ЕККУнун принциптерин ачыктан ачык бузуу, миллиондогон адамдардын өмүрү коркунучка кептелүүдө. Мен Орусияны аскердик аракеттерди тез арада токтотуп, дипломатияга кайтууга чакырам", - деп жазды министр.

14:12 24.2.2022

Николаев облусундагы Кульбакино кыштагындагы жергиликтүү аэродром Орусиянын аскердик учагынын чабуулунан талкаланды.

Аэродромдун жетекчисинин видеосу:

14:18 24.2.2022

Украинанын Чек ара кызматы жана Ички иштер министрлиги Орусиянын куралдуу күчтөрү Луганск, Сумск, Харьков жана Чернигов облустарында аскердик операция жүргүзүп жатканын билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG