Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:31

EXPO-2025 көргөзмөсүндө "Кыргызстан күнү" өттү


Концерттин катышуучулары.
Концерттин катышуучулары.

Жапонияда өтүп жаткан эл аралык EXPO-2025 көргөзмөсүндө Кыргызстандын күнү уюштурулду. Осака шаарынын тургундарына, көргөзмөнүн конокторуна жана Жапонияда жашаган кыргызстандыктарга концерттик программа тартууланганын, ага Кыргызстандан барган бир топ аткаруучу катышканын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги 7-июнда билдирди.

Классика, элдик жана эстрада чыгармаларынын концерти менен катар конокторго кыргыздын улуттук тамак-ашын, кийимин даңазалаган көргөзмөлөр тартууланганы маалымдалды.

Сахнадан "Манас" эпосунан үзүндү жаңырып, кыргыздын жана жапон элинин чыгармалары да аткарылды.

EXPO көргөзмөсү дүйнө өлкөлөрүнүн инновациялык, технологиялык жана башка жетишкендиктери, маданияты, өзгөчөлүгү менен тааныштыруу үчүн 1851-жылдан бери улам бир өлкөдө эл аралык деңгээлде уюштурулуп келет. Быйылкы көргөзмө Жапониянын Осака шаарында "Жашоо үчүн келечек коомду долбоорлоо" деген аталыш менен жасалма интеллект, космос жана туруктуу өнүгүү багыттары алкагында өтүүдө. 13-апрелде ачылган, 13-октябрда жыйынтыктала турган бул ири эл аралык иш-чарага 160 өлкө катышып жатат.

Көргөзмөдө ачылган 38 павильондун бири Кыргызстанга таандык.

EXRO-2025ке катышууну каалагандар үчүн анын ачылышына чейин эле 8,7 миллион билет сатылган. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG