Өкмөт мыйзамсыз мигранттардын укуктук абалын жөнгө салуунун жобосун бекитти

Бишкек милициясы мыйзамсыз миграцияга каршы ушул айдын башында "Нелегал" деп аталган операция өткөргөн.

Министрлер кабинети мыйзамсыз жүргөн мигранттарга укуктук абалын жөнгө салууга мүмкүнчүлүк берген убактылуу жобону бекитти. Өкмөттүн басма сөз кызматы документ президент Садыр Жапаровдун 22-майдагы "Кыргызстанда жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу чаралары тууралуу" жарлыгын аткаруу максатында кабыл алынганын билдирди.

"Документ миграциялык эрежелерди бузган чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук статусун ыктыярдуу мыйзамдаштыруунун так тартибин белгилейт. Анын жоболоруна ылайык, өз макамын жөнгө салуу максатында ыйгарым укуктуу органдарга 2025-жылдын 10-июнуна чейин кайрылган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар тийиштүү уруксат берүүчү документтерди иреттесе ага чейин укук бузганы үчүн административдик жоопкерчиликтен кутулат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кызыкдар тараптарды мыйзамдаштыруу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдоо үчүн масштабдуу маалыматтык-түшүндүрүү өнөктүгүн өткөрүү тапшырылды",-деп жазылган маалыматта.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 21-майда мыйзамсыз миграцияга байланыштуу жыйын өткөрүп, анда өлкөдө 5 миңдей мигрант тиешелүү документтери, уруксаты жок жүргөнү айтылган. Ушул жылдын 10-июнунан тартып рейддер башталары эскертилген.

Кыргызстанда соңку жылдары Индиядан, Пакистандан, Бангладештен келген эмгек мигранттары көбөйдү. Алардын көпчүлүгү курулуш, тейлөө жана тигүү цехтеринде эмгектенет.

Өкмөт былтыр чет элдик жарандарга Кыргызстанга келип иштөөгө 25 миң квота бекитип берген. Эмгек, социалдык кымсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, анын үч миңи пайдаланылган эмес.

Мындан сырткары Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 70 миңден ашык чет элдик студент билим алат.

Дагы караңыз

ЖК: социалдык ипотекага кезек жай жылып жатканы тууралуу маселе көтөрүлдү Ош шаарынын мурдагы мэри коррупцияга шек саналып камалдыЧек араны коргоодо курман болгон жоокерлерге "Ата Мекен Баатыры" наамы берилди ЖК: бийик тоолуу аймактар тизмесинен 61 конушту чыгаруу тууралуу токтом долбоору күн тартибинен алынды Акыйкатчы институту аскерге чакырылган балдардын башкы жайынын шарты начар экенин билдирди ЖК: өкмөт чайыр тууралуу дыйкандарга берген убадасын аткарбай жатканы айтылды Үч өлкөнүн энергетика министрлери Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун талкуулады Трамп Путинди дагы сындап, "от менен ойноп жатат" деп билдирди Кара-Кулжа: 20 жылдык кечеге барган аялын өлтүрүүгө шек саналган жаран камалды