Түштүк Кореяда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп жатат

Түштүк Кореяда 3-июнда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп жатат. Алдыга озушу мүмкүн дегендердин арасында Демократиялык партиянын талапкери Ли Чжэ Мён менен бийликтен четтетилген буга чейинки президент Юн Сок Ёлдун консервативдүү "Жарандык күч" партиясы көрсөткөн Ким Мун Сундун аты аталууда.

Добуш берүүнүн алдындагы сурамжылоолор Ли 10-14% Кимден алдыда экенин, аны шайлоочулардын теңине жакыны колдой турганын көрсөткөн.

Ли Чже Мён буга чейинки президенттик шайлоого катышкан жана Юн Сок Ёлдон бир пайызга азыраак добуш менен артта калган. Ким Мун Су экс-президенттин тушундагы өкмөттө министр болгон.

Шайлоодо жалпысынан бул экөөнөн башка дагы үч талапкер ат салышып жатат.

Өлкөнүн парламенти былтыр 14-декабрда ошол маалдагы президент Юн Сок Ёлго импичмент жарыялоону колдогон. Буга анын 3-декабрда күтүүсүз аскердик абал жарыялашы түрткү болгон.

Жыл башында сот аны камоого расмий ордер берген жана ал тарапташтарынын каршылыгына карабай камакка алынган. Март айында тергөө абагынан чыккан жана өзүнө байланыштуу иштердин баарын мыйзамсыз деп атап келет.

Дагы караңыз

Орусия Украинага шайлоо өткөрүү, четтен аскердик жардам албоо тууралуу шарт койдуСадык Шер-Нияз трак айдаган кыргызстандыктар Францияда маңзат менен кармалганын билдирди Польша: президенттик шайлоонун экинчи турунда консерватор Навроцкий жеңди Орусия Украинадагы аскер полигонуна сокку урду, 12 адам мерт болду Ташкул Керексизовдун кызы "Аалам ордо" борборуна байланыштуу президентке кайрылды