Ош: Аянттан алынган Лениндин эстелиги "Мээрим" эс алуу багына орнотулат

Ош шаарынын башкы аянтынан Владимир Лениндин эстелигин алып жатышат. 7-июнь 2025-жыл.

Ош шаарынын башкы аянтынан алынган Владимир Лениндин эстелиги калаадагы “Мээрим” эс алуу багына орнотулат. Мындай маалыматты мэриянын басма сөз кызматы таркатты.

Эстеликтин ордуна Бишкектегидей желек сап (флагшток) орнотулары маалымдалды.

“Мисалы, Орусиянын деле шаарларында, ошол эле Санкт-Петербургда, Белгороддо Лениндин эстеликтери демонтаждалган же башка жерлерге которулган. Бул шаарлардын жалпы архитектуралык, эстетикалык келбетин жакшыртуудагы кадыресе көрүнүш”, - деп жазды мэриянын маалымат катчысы Жумамидин Сулайманкулов ФБ баракчасына.

7-июнь күнү эртең менен Ош мэриясынын кызматтары 1917-жылдагы Октябрь революциясынын жетекчиси жана Советтер Союзунун түзүүчүсү Владимир Лениндин Ош шаарынын башкы аянтындагы эстелигин көчүрүп кеткени маалым болгон.

Бул эстелик 1975-жылы Ош облустук жана шаардык мамлекеттик администрациясынын алдына орнотулган. Ал советтик скульптор, СССР Көркөм өнөр академиясынын президенти Николай Томскийдин эмгегине таандык.

Буга чейин Лениндин эстелигинин айланасында талкуу жүрүп келген. Ош шаарынын тургундарынын бир бөлүгү актуалдуулугу жоголгондугуна байланыштуу аны алып, ордуна Кыргызстандын эгемендигине тиешелүү башка эстеликти орнотууну сунуштап келишти. Мындай талкуу өлкөнүн Эгемендик күнүнө карата өзгөчө жанданчу.

Дагы караңыз

Атамбаев кыргыз бийлигине Гаага сотуна кайрылууну сунуш кылдыЛос-Анжелесте миграция кызматынын рейдине каршы акцияда полиция менен кагылышуу болдуКалкка берилген керектөө насыясынын жалпы көлөмү эки эсе өстүКыргызстанда орус тилдүү мектептер көбөйүүдө