Иран Израилге каршы ири чалгын операциясы ишке ашканын жарыялады

Израилдин Димона шаарындагы жашыруун объект.

Ирандын мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары өлкөнүн тарыхында биринчи жолу Израилге каршы "ири чалгын операциясы" ишке ашырылганын 7-июнда кабарлашты. "Израилдин ыктымал өзөктүк долбоорлору жана объектилери" тууралуу миңдеген документ чогултулганы, сөз "өтө көп сандагы стратегиялык жана жашыруун маалыматтар, документтер жөнүндө" болуп жатканы, анын баарын талдап чыкканга өзүнчө убакыт талап кылынары маалымдалды.

Өткөн айда Израил 24-25 жаштагы эки жараны кармалганын, алар Ирандын пайдасына тыңчылык кылган деп шектелип жатканын билдирген.

Алты жыл мурда Израилдин чалгын кызматы (Моссад) Иранда ири операция жүргүзүп, Тегерандын жашыруун мекемесинен 100 миңдей документти алып чыкканын, алар Ирандын өзөктүк курал жасоого байланыштуу программасына тиешеси бар экенин жарыялаган. Кийин бул маалыматты эл аралык эксперттер тастыктап, АКШнын Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимден чыгып кетишине ушул да түрткү болгон чыгар деген божомолун айтышкан.

Тегерандын дүйнөдөгү ири алты держава (Кытай, Орусия, Улуу Британия, Франция, АКШ жана Германия) менен өзөктүк сүйлөшүүлөрү 2005-жылы башталган. 2015-жылы ортодо түзүлгөн келишимге ылайык, Иран программасын чектемек, ага жооп катары АКШ Тегерандан экономикалык санкциялардын көбүн алып салмак. 2018-жылы АКШ ошол кездеги да президенти Дональд Трамптын демилгеси боюнча аталган келишимден чыгып кеткен. (RK)

Дагы караңыз

Колумбияда президенттикке талапкер куралдуу кол салууга кабылдыWP басылмасы NASA Илон Масктын атаандаштарына кайрылганын жаздыКрымдагы атактуу "Артек" лагерине 100 жыл. Орусия "көлөкө түшүргөн" тарых"Полиция үчүн оңой олжо". Кыргыз жарандарын Орусияда маңзат соода торуна түшүргөн азгырык