Газа: Гумжардам бекетинин жанында төрт киши мерт болду

Газа сектору. 2025-жылдын 8-июну.

Газа секторунда бүгүн 8-июнда гуманитардык жардам таратылуучу бекетти көздөй бараткан жеринен төрт палестин Израил аскерлеринин огунан каза тапканын Reuters маалымат агенттиги анклавдын саламаттык сактоо мекемесине таянып кабарлады. Окуя сектордун түштүгүндөгү Рафах шаарында болгону маалымдалды.

Израил тарап бир топ адам эскертүүгө карабастан аскерлерди көздөй бараткан жеринен бутага алынганын, алар коркунуч жараткандар деп аныкталганын билдирди.

Израил жана АКШ колдогон Gaza Humanitarian Foundation уюму газалыктарга гуманитардык жардамды өткөн айдын соңунан тартып тарата баштаган. Гумжардам эртең мененки саат 6дан кечки 6га чейинки убакта гана берилери, башка маалда ал жер жабык аскердик зона деп эсептелери эскертилген.

7-июнда жардам таратылган эмес, муну уюм ХАМАС (АКШ жана Европа Биримдиги террордук деп жарыялаган) тобу улам бир тоскоолдук жаратып жатканы менен түшүндүргөн. Топ мындай айыптоону четке каккан.

2,3 миллиондой кишини ачарчылык тооруган Газага БУУнун жардамын жеткирүүө Израил 11 апталык блокададан кийин эл аралык басымдан улам гана 19-майдан тартып жол ачкан.

Газадагы азыркы согуш 2023-жылы ХАМАСтын Израилге кол салуусунан кийин башталган. Ошондон бери сектордо 54 миңдей адамдын өмүрү кыйылганын жергиликтүү саламаттык сактоо башкармалыгы маалымдоодо. (RK)

Дагы караңыз

Орусиянын эки ири заводунда дрон соккусунан кийин өрт тутанды Трамп мигранттар менен полиция кагылышкан Лос-Анжелеске кошумча күч жөнөтүүдөКолумбияда президенттикке талапкер куралдуу кол салууга кабылдыИран Израилге каршы ири чалгын операциясы ишке ашканын жарыялады