Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:49

Жер кодекси: макулдашылган вариант кандай болду?


Жер кодексине каршы чыккан адамдар. Бишкектеги Максим Горький атындагы бакча. 1-апрель, 2025-жыл.
Жер кодексине каршы чыккан адамдар. Бишкектеги Максим Горький атындагы бакча. 1-апрель, 2025-жыл.

Жогорку Кеңеш өткөн апта соңунда Жер кодексин талкуусуз кабыл алды. Өткөн жылдан бери бир катар нааразылык акциялары өтүп, айрымдар президентке кайрылган, парламент кабыл алган мыйзамга кол койбоону суранышкан.

Алар кодекс кабыл алынса, “жер тилкелерин менчик ээлеринин макулдугусуз мажбурлап тартып алууга жол ачыларын” айтып чыгышкан эле. Документти президент Жапаров артка кайтаргандан кийин макулдашуу тобу кайра иштеп чыкканы, тармактык комитеттерде жактырылганы айтылды. Жапаров бул мыйзамды апрелде “жеке менчик кол тийгис” экенин айтып, артка кайтарган эле.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу макулдашуу топтору иштеп чыккан жана үчүнчү окууда каралып жаткан мыйзам долбоорлорун талкуусуз кабыл алууну сунуш кылды. Мыйзамдын макулдашылган долбоорун Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун биринчи орун басары Жакшылык Токтосунов окуп берди. Ал макулдашуу тобу президенттин каршы пикирин толугу менен колдогонун билдирди.

“Макулдашуу тобу бул кодекс боюнча жалпысынан 6 жыйын өткөрдү. Аларда жайыттардын жеке менчикке берилип кетиши, “чет өлкөлүк юридикалык жак” деген терминге юридикалык жактардын кирбей калышы, муниципалдык менчиктеги жерлерди берүү маселеси, чек арага чектеш жерлер чет өлкөлүк жактарга берилбейт деген маселе, айыл чарба жоготуулары үчүн түшкөн акча-каражаттарын пайдалануу тартиби, эл аралык келишмдер менен жер тилкелери чет өлкөлүк жактарга өтүп кетиши мүмкүн деген кооптуулук жана жер тилкесин алып койууда рыноктук баа деген маселелар каралды. Андан сырткары, туннелдер жана жер алдындагы курулмаларды куруу үчүн берилген жерлерди берүү, ошондой эле редакциялык маанидеги маселелер бар. Бул маселелердин баары тең жумушчу топ менен талкууланып, азыр сиздерди алдыңыздарга макулдашылган вариантын киргизип жатабыз. Бул сунуштар макулдашуу тобунун бардык мүчөлөрү тарабынан колдоо тапты жана Агрардык саясат боюнча комитетте колдоого алынды”.

Добуш берүүдө жыйынга катталган 63 депутаттын 61и мыйзамдын макулдашылган долбоорун талкуусуз колдоп беришти. Ага чейин 2-июнда парламенттик комитет Жер кодексинин макулдашылган вариантын кабыл алган чечим чыгарган болчу.

Президент Садыр Жапаров апрель айында Жер кодексинин жаңы редакциясын артка кайтарып жатып, 15 пункттан турган каршы пикирин билдирген.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов "Мамлекет башчысы бул чечимин Кыргызстанда жеке менчик кол тийгис экендиги менен түшүндүрөт. Эгерде огород же турак жай турган жер мамлекеттик максатка зарыл болсо, анда анын ордуна компенсация төлөнүп же башка жерден тийиштүү жер тилкеси сунушталышы керектиги белгиленди", - деп билдирген.

Анын таркаткан маалыматында Жер кодексин артка кайтаруунун төмөнкүдөй бир нече себеби белгиленген:

•Жер пайдалануучу республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 5 пайыз же болбосо эквиваленттүү акча каражатын берүү жөнүндө макулдашуунун милдеттенмелерин аткарбаганына байланыштуу жер участогу алынып коюлганда, бул жоболор Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 15-беренесине карама-каршы келет;

•Жер участогунун менчик ээсинин өлчөмүнө жараша компенсация алууга укугу чектелгенде жана “калыбына келтирүү наркы” термини аныкталбаганда;

•Мал жаюу менен байланышпаган мамлекеттик менчиктеги жайыт жерлерин которуу (трансформациялоо) жолу менен жеке менчикке өткөрүп берүү, бул жоболор Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келет;

•мамлекет аралык келишимдерди ишке ашыруунун алкагында жер участоктору тоорук өткөрбөстөн түз сатуу жана/же алмаштыруу жолу менен чет өлкөлүк жактарга менчикке берүү, бул жоболор Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесине карама-каршы келет;

•Муниципалдык менчиктеги жер участокторун мамлекеттик пайдалануучуга мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жана өткөрүп берүү тартиби боюнча, мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбеген бөлүгүндө (жергиликтүү кеңештин макулдугусуз ж. б.);

•Темир жол жана анын инфраструктурасы курулган учурда чек арага чектеш аймактарда жайгашкан жер участоктору мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда берүүгө чектөөнүн болушу (“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан”);

•Ижарага алынуучу жер участогунун менчик ээси же анын укук мураскери 10 жылдан ашык жок болсо, көп кабаттуу турак үй жайгашкан жер участогун турак жай менчик ээлеринин шериктигинин менчигине акысыз өткөрүп берүү бөлүгүндө, бул жоболор Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин ченемдерине каршы келет.

"Мамлекет жеке менчиктеги жерди базар баасы менен алсын"

Министрлер кабинети 2022-жылы иштеп чыккан Жер кодексинин жаңы редакциясы бир жылдай коомдук талкууда жүрүп, 2023-жылы парламентке киргизилген. 2024-жылы жай айларында анын долбоорун Жогорку Кеңештин комитеттери карап, быйыл 13-февралда кабыл алынган.

Буга байланыштуу өлкөдө бир катар нааразылык акциялары өткөн. Айрым адамдар Жогорку Кеңештин алдына чогулуп, президентке кайрылган, парламент кабыл алган мыйзамга кол койбоону суранышкан.

Алар “бул мыйзамга президент кол койсо жер тилкелерин менчик ээлеринин макулдугусуз мажбурлап тартып алууга жол ачыларын” айтып, менчикке болгон кол тийбестик сакталышы керектигин билдиришкен.

Коомчулукта жер тилкелерин мамлекетке алууда баасын аныктоо процедурасы көбүрөөк талаш-тартышты жараткан. Анткени, жаңы кодексте коомдук керектөө үчүн жер тилкесин мамлекетке алуудамурдагы “базар баасында төлөнөт” дегендин ордуна “жетиштүү баанын” төлөнүп берилери жазылган болчу. Менчик ээлери мамлекет компенсацияны базар баасынан төмөн төлөгөнгө аракет кылат деп кооптонгон.

Буга чейин Чыңгыз Айтматов проспектисин кеңейтүү ишинин алкагында Киргизия конушундагы 66 үйдүн дубалынын бир бөлүгүн бузуу пландалып жатканын билдирген. Кийин алардын айрымдары буздурула баштаган.

Конуштун тургундары мэриянын аракетин "мыйзамсыз" деп баалап, жеке менчик укугу бузулуп жатканын билдирип чыгышкан.

Расмий маалыматка ылайык, Бишкектеги түндүк айланма жолун курууда жалпысынан 464 объект бузулган. Арасында мыйзамсыз курулгандары аныкталган, алардын 69у капиталдык курулуш болгон. Ал эми Киргизия конушунда Чыңгыз Айтматов көчөсүнүн боюндагы дубалдары сүрдүрүлүп жаткан үйлөрдүн 32си муниципалдык менчик тилкеге чыгып кеткен.

Чийки мыйзамдар өкмөттүн шалаакылыгыбы?

Мыйзам долбоору парламенттик комитетте каралып жатканда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жаңы кодексте муниципалдык менчиктеги жерлер мамлекеттин балансына өтүп кете турган жагдайлар жаралып калганын айткан. Башкы прокурордун орун басары Баймурза Маатов мыйзамдагы коррупциялык тобокелдик жараткан учурларды белгилеген.

Депутаттар көп мыйзам долбоорлору өкмөттөн чийки бойдон келип, жогору жактын сураныч-талаптары менен кабыл алынып кетип жатканын айтышкан.

Депутат Балбак Түлөбаев “бир деме десе бармакты көрсөтүп, “тияк сурап атат” деп эле алып келе бергенсиңер” деп, өкмөттүн өтүнүчүн кыя албай жүрүп мыйзамдардын сапаты төмөндөп кеткенин эске салган.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Аманкан Кенжебаев Жер кодекси кабыл алынар алдында бардык министрликтер макулдугун берип, кол коюп беришкенин айткан.

"Бул Жер кодексинин демилгечиси - Министрлер кабинети. Элдин баары Жогорку Кеңеш деп айтып жатышат, бизге өкмөт алып келген. Экинчиден, кодекске өзгөртүүлөр киргизилип жатканда 12ден ашуун министрликке макул болсоңор кол коюп бергеле деп таркатылып берилген. Бардыгы кол коюп берген. Ушундай мыйзам, кодекстер келгенде, кол коюп берип жатканда жакшылап карап койсоңуздар. Карабай туруп кол коюп берет, анан бизге чала мыйзам келет. Тууралап келгенде Жогорку Кеңеш күнөөлүү болуп чыгат. Ар бир министрлик кандай гана маселе болбосун так жооп берсеңер жакшы болмок. Министрликтер убагында так бербейт, кийин келип алып тааныш, өздөрүнүн депутатын издеп, "сунушту киргизип койгула, биз калып калыптырбыз" дешет. Анан биз жаман көрүнүп калат экенбиз".

Президенттен каршы пикир алганындан кийин 8-апрелде парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети, өкмөт, башкы прокуратура жана мэрия өкүлдөрү кодекстин жаңы редакциясын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүшкөн. Макулдашуу тобун депутат Балбак Түлөбаев жетектеген.

Президент Садыр Жапаров 20-февралда “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде менчик жерлерди алып коюуга каршы экенин жана жеке менчик мүлк кол тийгис экенин айткан. Садыр Жапаров жеке менчик жерлерди жергиликтүү бийлик текшерип турушу керектигин билдирип, жер ээлерин бир метр жерди да бош калтырбай иштетүүгө чакырган.

Кыргызстанда Жер кодекси 1999-жылы кабыл алынган. Андан бери ага 61 ирет өзгөртүү киргизилген. Бийлик өкүлдөрү буга карабай документ эскирип, бүгүнкү шарттарга жооп бере албай калганын белгилеп, аны толук жаңы редакцияда кабыл алууну сунушташкан.

Шерине

XS
SM
MD
LG