Президент Садыр Жапаров “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамына кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын администрациясы кабарлады.
Мыйзам долбоору быйыл февралда сунушталып, Жогорку Кеңеш аны 30-апрелде кабыл алган.
Президенттин сайтында жазылгандай, документтин максаты Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жол-жоболорун өркүндөтүү, саясий коррупцияга каршы күрөшүү жана шайлоонун учурдагы системасынын кемчиликтерин азайтуу, жарандардын эл өкүлдөрүнө болгон ишеним деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.
Жаңы мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлөт. Алардын ар биринде үчтөн депутат, жалпы 90 эл өкүлү шайланат.
Кабыл алынган мыйзамдын алкагында мындан сырткары шайлоо өткөрүүдө аралыктан, электрондук добуш берүү колдонулушу мүмкүн. Мындай добуш берүүнү өткөрүү жөнүндө чечим шайлоо дайындалганда кабыл алынат.
Көп мандаттуу аймактык шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди саясий партиялар көрсөтө алат жана жарандар да өзүн-өзү көрсөтсө болот. Мандатын тапшырып кеткен депутаттардын ордуна шайлоодо алардан кийинки орунда келген талапкер келет.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев, депутаттар Акылбек Түмөнбаев, Кундузбек Сулайманов, Марлен Маматалиев, Улан Примов, Данияр Төлөнов, Жумабек Салымбеков, Чыңгыз Ажибаев, Советбек Рустамбек уулу жана Жайлообай Нышанов. Авторлор мыйзам долбоору кабыл алынса саясий коррупцияны азайтат деп эсептешет.
Жогорку Кеңештин VI чакырылышында 120 депутат болгон. 2021-жылы 29-декабрда ишин баштаган VII чакырылыш 90 депутаттан турат. Алардын 54ү партиялык жол менен, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келген. (ErN)
Шерине