Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:21

Украина менен Орусия туткундарды айырбаштады, күчөгөн дрон согушу


Мекенине кайтарылган украиналык согуш туткуну. 9-июнь 2025-жыл (Сүрөт тартылган аймактын аталышы ачыкка чыгарылган жок)
Мекенине кайтарылган украиналык согуш туткуну. 9-июнь 2025-жыл (Сүрөт тартылган аймактын аталышы ачыкка чыгарылган жок)

Украина жана Орусия экинчи жолу көп сандагы туткундарды айырбаштады. Июндун башында Стамбулда өткөн тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасында каза болгон аскерлерин сөөктөрүн өткөрүп берүү дагы макулдашылган.

Ал арада Орусиянын Чебоксары шаарында “Шахед” дрондору үчүн антенна жана башка жабдыктарды чыгарган завод чабуулга кабылып, өрт чыкканы кабарланды. Дүйшөмбүгө караган түнү украин аймагына 500 пилостуз учак жана ракета менен сокку урулганын абадан коргонуу күчтөрүнүн командачылыгы билдирди.

Тараптар 25 жашка чейинки аскерлерди өткөрүп бергенин Орусиянын Коргоо министрлиги 9-июнда маалымдады. Украинанын президенти Владимир Зеленский ушул эле күнү жазганына караганда, туткундарды алмашуу жараяны бир нече күнгө созулмакчы.

"Бул баскычта жараат алгандар, оор жарадарлар, ошондой эле 25 жашка чыга электер кайтарылат. Жараян оңой эмес, өтө көп сезимтал маселелер бар. Сүйлөшүүлөр дээрлик күн сайын уланууда”, - деп белгиледи украин президенти.

Зеленский канча киши айырбашталганын тактаган жок.

Ал Стамбулда жетишилген "бардык гуманитардык макулдашуулар ишке ашат" деп үмүттөнөрүн, туткундагылардын бардыгы үйлөрүнө кайтууга тийиш экенин” кошумчалады.

Орусиянын Коргоо министрлиги маалымдагандай, бирдей сандагы туткундар алмашылды. Орусиялык аскерлер ушу тапта Беларуста, кийин Орусияга жөнөтүлүп, реабилитациядан өтмөкчү.

2-июнда Стамбулда уюштурулган тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы учурунда делегациялар жарадар, оорулуу согуш туткундарын, каза болгон аскерлердин сөөктөрүн жана 18-25 жашка чейинки кишилерди айырбаштоо тууралуу макулдашкан.

7-июнда Москва Киев ал жараянды күтүүсүздөн белгисиз мөөнөткө жылдырганын билдирген. Украин бийлиги бул маалыматты четке какты.

Зеленский Орусия гуманитардык макулдашуунун шарттарын аткарбаса, АКШ жана башка өлкөлөрдүн тынчтык орнотуу аракеттерине көлөкө түшөрүн белгилеген:

"Биз Стамбулда макулдашылган толук тизмени Орусиядан ала элекпиз. Орусия адатынча эле жадакалса ушул маселелерде ыплас саясий жана маалымат оюнун ойногусу келет. Эң негизгиси жыйнытык чыгып, адамдар үйлөрүнө кайтышы керек. Туткундарды айырбаштоо уланат деп ишенем”.

Аскердик чалгын кызматынын жетекчиси Кирило Буданов Украина маалыматтык кысымга жана алмашуу жараянынын критерийлерин бир тараптуу таңуулоо аракетине туш болуп жатканын билдирди.

Жекшембиде Орусиянын тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү тобунун мүчөсү генерал Александр Зорин Украинага өткөрүлчү бир миң 212 сөөк чек арадагы алмашуу пунктуна жетирилгенин айткан.

"Бул саясий чечим болгон деген талкууларга комментарий бере албайм. Бул – гуманитардык акция, биринчи жолку эмес. Тилекке каршы, акыркысы эмес көрүнөт. Орусия тарап украиналык аскерлердин сөөктөрүн кайтаруу жана туткундарды алмашуу жаатындагы бардык макулдашууларды аткарууга даяр".

Чувашиядагы маанилүү завод соккуга учурады

Дүйшөмбүгө караган түнү украиналык дрондор Орусиянын ичкери аймактарынын бири - Чувашияга сокку урганы кабарланды. Чебоксары шаарындагы Илимий изилдөө жана технологиялык институтунун (“ВНИИР-Прогресс”) ири заводунда өрт тутанды. Орусиялык блогерлердин маалыматына караганда, ал жерде өтө таамай атуучу курал, башкарылган бомбалар үчүн навигациялык жана транспорт жабдыктары чыгарылат. Украинанын куралдуу күчтөрү заводдо “Шахед” түрүндөгү пилотсуз учактардын антенналары жасаларын билдирди.

Сөз болгон компания АКШнын Финансы министрлигинин санкциялык тизмесине киргизилген.

Волга боюндагы Чуваш жумуриятынын башчысы Олег Николаев сокку тууралуу маалыматты бышыктады жана “кызмактерлердин коопсуздугун камсыздоо үчүн” анын ишин токтото туруу чечими кабыл алынганын жазды. Губернатор дагы эки дрон талаага кулаганын, эч ким жабыркабаганын кошумчалады.

Украин армиясынын Башкы штабы Чебоксарыдагы завод бутага алынганын тастыктады.

Орусиянын Коргоо министрлиги дүйшөмбүдө украиналык 49 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Төрт шаарда бир нече саатка аэропорттордун иши үзгүлтүккө учурады.

Жекшембиде Орусия аскерлери Украинанын Днепропетровск облусунда алга жылып жатканын билдирди. Коргоо министрлиги соңку баяндамасында 90-танк дивизиясы Донецк аймагынын батыш чек арасына жеткени айтылат.

Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы кабарды четке кагып, Москваны жалган маалымат таратып жатканы үчүн айыптады.

"Орусия тактикасын өзгөртүп, көп сандагы дрондорду колдонууга өттү"

Өткөн дем алыштарда Украинада Орусиянын чабуулдарынан кеминде 14 жайкын тургундун өмүрү кыйылганын өлкөнүн полиция кызматы билдирген. Эң оор соккуга Харьков, Херсон жана Донецк облустары туш болгону, каза тапкандардан тышкары 68 киши жараат алганы кабарланды.

Ал эми 9-июнга караган түнү орус армиясы 500 дрон, ракеталар менен аткылаганын Украинанын абадан көргонуу күчтөрү билдирди. Маалыматка караганда, 400 "Шахеддин" көбү атып түшүрүлдү. Орус аскерлери бул кабарды азырынча комментарийлеген жок.

Авиация боюнча украиналык эксперт Валерий Романенконун пикиринде, Орусия чабуулдардын санын көбөйтүп, соккулардын географиясын кеңейтүүдө.

"Орусия мурда Украинанын бир нече облусун аткылачу. Эми болсо географиясын кеңейтип, башкаларын да бутага алууда. Өлкөнүн батыш бөлүгүнө да чабуул коюлганына күбө болуп келатабыз. Алар фронт тилкесиндеги шаарларга жеңилирек дрондор менен сокку уруу менен тактикасын өзгөртүүдө. Экинчи жагынан, Харьков пилотсуз учактардын ар кандай түрлөрү менен аткыланып келатат. Сумы, Харьков жана майдандагы башка калааларга чабуул коюу үчүн арзан дрондор колдонулса, "Шахеддерди" калган жерлерде, көп учурда "Гербера" дрондорунун коштоосунда көрүүгө болот. Орусиянын стратегиялык авиациясы калган күчүн топтоп сокку урууда. Эмне дегенде Tu-95MS бомба таштоочу учактын 5 даанасы гана ишке жарактуу. Эң заманбап, арсеналындагы акыркы көзүрү - Tu-160 учагын колдонууга аргасыз болду. Ал бомба таштоочу учакты буга чейин төрт жолу гана пайдаланышты. Акыркы жолу бир нече күн мурун ишке тартылган".

Маалымат каражаттары соңку күндөрдө Орусия бир нече аэродромду бутага алган "Желе" операциясына жооп иретинде ири чабуул даярдап жатат деп жазышууда. Операция учурунда 10 чакты стратегиялык учак жок кылынып, дагы ошончосуна зыян келтирилгени кабарланган.

Шерине

XS
SM
MD
LG