Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:40

Сот Рита Карасартованын камактагы мөөнөтүн дагы бир айга узартты


Рита Карасартова соттук процессте. Архивдик сүрөт.
Рита Карасартова соттук процессте. Архивдик сүрөт.

Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Алмазбек Апышев укук коргоочу Рита Карасартованын камак мөөнөтүн узартуу боюнча тергөөчүнүн өтүнүчүн 10-июнга караган түн ортосуна чейин карап, аны 12-июлга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Карасартованын адвокаты Жаныш Бараков билдирди.

Мурдараак Карасартовага укуктук жардам көрсөтүп жаткан “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова сотко Чүй облустук милициясынын тергөөчүсү (С. Райымбеков) өтүнүч келтиргенин маалымдаган.

Укук коргоочу Рита Карасартова 14-апрелде кармалып, үйү тинтүүгө алынган. 17-апрелге караган түнү Свердлов райондук соту аны бир айга камакка алган. Ушул эле сот 30-апрелде анын абактагы мөөнөтүн 12-июнга чейин узарткан. Карасартованы үй камагына чыгаруу тууралуу адвокаттардын өтүнүчүн Бишкек шаардык соту 29-майда карап, укук коргоочуну тергөө абагында калтырган эле.

Укук коргоочу өзүнүн кармалышын жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулуна (Куренов) таандык делген катты өзүнүн социалдык баракчасына жарыялаганына байланыштырган.

Прокуратура Карасартовага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Массалык башаламандыктар”) 3-пункту ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") боюнча айып тагылганын жарыялаган.

Укук коргоочунун кармалышына байланыштуу бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары тынчсызданып, кыргыз бийлигин аны бошотууга чакырып келет.

Рита Карасартова Кемпир-Абад ишине байланыштуу дагы камалып, бир нече саясатчы менен кошо Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кайра акталган. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG