Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:28

Министрлер кабинетинин төрагасын жана министрлерди дайындоодогу талаптар жеңилдетилди


Садыр Жапаровдун мыйзамдардын бирине кол коюп жаткан учуру. Иллюстрациялык сүрөт.
Садыр Жапаровдун мыйзамдардын бирине кол коюп жаткан учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров “Министрлер кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу маалымат президенттин сайтына чыкты.

Мыйзамды 4-июнда Жогорку Кеңеш кабыл алган. Маалыматта документ Министрлер кабинетинин ишин өркүндөтүү максатында иштелип чыкканы айтылат.

“Министрлер кабинети жөнүндө” иштеп жаткан мыйзамга ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасын жана министрлерди дайындоодо мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда жалпысынан 10 жылдан кем эмес иш стажы талап кылынса, жаңы өзгөртүүдө ал талап 7 жылга түшүрүлдү.

Аткаруу бийлигинин башка органдарында жетекчини бекитүүдө мурда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда 10 жылдан кем эмес иштөө талабы болсо, жаңы мыйзам менен ал 5 жылга азайтылды.

Аталган конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Министрлер кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамы 2021-жылдын 6-октябрында парламентте кабыл алынып, ошол эле жылдын 11-октябрында президент кол койгон.

2021-жылы кабыл алынган Конституцияга ылайык, мурдагы Өкмөт Министрлер кабинети болуп кайрадан түзүлгөн. Премьер-министрлик кызмат Министрлер кабинетинин төрагасы деп аталып калган. Министрлик, агенттик, комитеттерде да түзүмдүк өзгөрүүлөр болгон. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG