Өзбекстандын Министрлер кабинетине караштуу Миграция агенттиги Орусиянын Москва шаарында мигранттарга, анын ичинде ыктымал өзбек жарандарына күч колдонулган рейддерге байланыштуу кабарларга камтамачылыгын билдирди.
“Орусия Федерациясынын өкмөтү жана ири жумуш берүүчүлөрү тараптан Өзбекстандын жарандарын орус жергесине ишке тартууга кызыгуу жылдан-жылга өсүп жатканынын фонунда ал жактагы укук коргоо органдарынын айрым өкүлдөрүнүн чет элдик жарандарга орой мамилеси өкүнүчтөрдү жана камтамачылыктарды жаратууда”, – деп айтылат Миграция агенттигинин билдирүүсүндө.
Маалыматта кырдаал Өзбекстандын Башкы консулдугунун жана Орусия Федерациясынын Миграция агенттигинин көзөмөлүндө экендиги, Өзбекстандын Миграция агенттиги орус тараптан окуя тууралуу тиешелүү маалыматтарды күтүп жатканы айтылган.
Өзбекстандын Журналистика жана массалык коммуникациялар университетинин ректору Шерзодхон Кудратхожа соңку рейддер Москвада өткөнүн жазып, мекендештерин Орусияга барбай турууга чакырды.
Мунун алдында интернетте орусиялык күч кызматтары имараттарга кирип, мигранттарды сабап жатканы тартылган видео тараган. Видеолордо айрым күч кызматкерлери борборазиялык мигранттарга расисттик кемсинтүүлөрдү айтып жатканы көрсөтүлгөн.
2024-жылы Москвада “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталып, кармалган. Мындан соң Орусиянын бийлиги миграциялык мыйзамдарын катаалдаткан.
Быйыл 5-февралда Орусияда жаңы укуктук режим кирген. Ага ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негизи жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүгө тийиш. Ички иштер органдары (соттор менен бирге) чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузуулар үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу болот. Орусиянын Ички иштер министрлиги февралдын башында "көзөмөлгө алынгандардын" реестрине 685 миңге жакын чет элдик жаран киргизилгенин билдирген.
Орусиянын президентинин 2024-жылдын 30-декабрындагы жарлыгына ылайык, ал жакта мыйзамсыз жүргөн мигранттар 30-апрелге чейин өзүнүн укуктук абалын мыйзамдаштырууга тийиш экени кабарланган. Дипломатиялык сүйлөшүүлөрдөн кийин мөөнөт сентябрга чейин узартылган. (ErN)
Шерине