Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:04

Австрияда мектептеги кол салуудан кеминде 9 киши каза болду


Австриянын полициясынын тасмасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Австриянын полициясынын тасмасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Австриянын Грац шаарындагы гимназияда ок атуудан кеминде 9 киши каза болуп, 20дан ашык киши жаракат алды. Бул тууралуу Kronen Zeitungбаштаган жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Кабарларда окту гимназиянын окуучусу чыгарып, соңунда өзүн атып алганы айтылды.

APA маалымат агенттиги мерт болгондордун арасында жети окуучу жана бир чоң киши бар экенин билдирди. Курмандыктар дагы көбөйүшү мүмкүн, жаракат алгандардын арасында оор абалдагылар да бар.

Полиция мектепте атайын кызматтын кызматкерлери иштеп жатканын жана курмандыктар бар экенин ырастады. Окуянын себептери тууралуу расмий маалымат чыга элек.

Мектептеги ок атуу таңга жуук катталды. Күбөлөрдүн айтымында, кол салган киши эки класстын окуучуларын аткылаган.

Kronen Zeitung басылмасы ок чыгарган окуучу тууралуу маалымат аз экенин, ал мектепте кодулоого кабылган болушу мүмкүн деп болжолдонууда. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG