Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:46

Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору алмашты


Алмазбек Акматалиев жана Айгүл Калчакеева.
Алмазбек Акматалиев жана Айгүл Калчакеева.

Президентке караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев кызматтан кетип, ордуна Айгүл Калчакеева дайындалды. Бул тууралуу тескемелерге президент Садыр Жапаров кол койду.

Кадрдык алмаштыруунун себептери айтылган жок.

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Айгүл Калчакеева Кыргыз-Орусия славян университетинде, Бишкек финансы-экономикалык академиясында ар кайсы кызматтарды аркалаган.

2016-2022-жылдары Бишкектеги Борбор Азиядагы эл аралык университеттин (МУЦА) вице-президенти, 2022-2023-жылдары Казакстандагы Санариптик туруктуу өнүктүрүү агенттигинин консультанты болуп иштеген. 2023-жылдан бери Бишкектеги Борбор Азиядагы корей институтунда проректор болуп турган.

Алмазбек Акматалиев Мамлекеттик башкаруу академиясынын биринчи ирет 2010-2012-жылдары башкарган. 2018-жылы президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен кайрадан академиясынын ректорлугуна дайындалып, ошондон бери аталган кызматта иштеп келаткан. Акматалиев коомдук-саясий маселелерде эксперт катары да коомчулукка белгилүү. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG